Ссылки доступа

Бишкектин мурдагы мэри Суракматов 48 саатка камалганы кабарланды


26-майда Бишкек шаарынын мурдагы мэри Азиз Суракматов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине (УКМК) суракка барган соң 48 саатка камалды. Бул тууралуу “Азаттыкка” укук коргоо органдарындагы ишенимдүү булактар билдирди.

Ага чейин атайын кызмат Суракматов тергөөчүгө сурак берип жатканын тастыктаган. Бирок ал кайсы ишке байланыштуу чакырылганы айтылган жок.

Айрым маалымат каражаттары жазгандай, мурдагы шаар башчы “Мыйзамсыз баюу” боюнча иштин алкагында УКМКга күбө болуп чакырылган.

Суракматов Бишкек шаарын 2018-2020-жылдары башкарган. Былтыр октябрдагы бийлик алмашууда бир нече күн кайда экени белгисиз болуп, анан кайра кызматка киришкен. 20-октябрда өз каалоосу менен иштен кеткен.

11-апрелде өткөн Бишкек шаардык кеңештин шайлоосуна ал Кыргызстан элдик демократиялык партиясын сүрөгөн.

51 жаштагы Суракматов мурда Жогорку Кеңештин депутаты, шаардык кеңештин төрагасы болгон.

Видео

Видео

"Шам-Бала": Керексизовдун соңку керээзи
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:10:41 0:00
XS
SM
MD
LG