Ссылки доступа

Иранда президенттикке талапкерлер тандалды


Аятолла Хаменеи жана Жогорку соттун төрагасы Эбрахим Раиси

Иранда президенттик шайлоого катышууну көздөгөн жети киши электен өттү. Бирок кызматтан кетип жаткан президент Хасан Роуханиге ыктаган талапкерлер тандалбай калды.

Ирандын Сакчылар кеңеши президенттик шайлоого катышуу ниетин билдирген 590дой адамдын ичинен жети талапкерди жактырды.

Ички иштер министрлигинин 25-майдагы маалыматына ылайык, Ибрагим Раиси, Мохсен Резаи, Саид Жалили, Амирхоссейн Газизаде-Хашеми, Абдолнассер Хеммати, Мохсен Мехрализаде жана Алиреза Закани 18-июнда өтүүчү шайлоого катышууга мүмкүнчүлүк алышты.

Президенттик кызматтагы экинчи мөөнөтү аяктап бараткан Хасан Роухани мындан ары шайлоого аттана албайт. Ошентсе да анын жакын санаалашы деген мурдагы парламент спикери Али Ларижани бул ирет күчүн сынап көрүүнү көздөп турган.

Бирок эскичил диниятчылар менен юристтерден куралган Сакчылар кеңеши Ларижанини каттаган жок. Андан тышкары учурдагы вице-президент Эсхак Жахангири жана өзүн реформист деп мүнөздөгөн мурдагы президент Махмуд Ахмадинежаддын талапкерлиги жогорку лидер Аятолла Али Хаменеи өзү көзөмөлдөгөн консервативдүү органдын элегинен өтпөй калды.

Кеңеш тандаган жети талапкердин арасынан эми ашынган диниятчы, Ирандын сот тармагын жетектеген Ибрагим Раисинин президент болуу мүмкүнчүлүгү жогору бааланып жатат.

60 жаштагы Раиси Ирандын жогорку лидери Аятолла Али Хаменеинин жакын санаалашы катары мүнөздөлүп келет. Ал 2017-жылкы президенттик шайлоого катышып, бирок Роуханиге утулуп калган.

Видео

Видео

"Шам-Бала": Керексизовдун соңку керээзи
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:10:41 0:00
XS
SM
MD
LG