Ссылки доступа

Тажикстанда мигранттарды коргоо үчүн "Биржа" ачылды


Тажикстандын Көз карандысыз кесиптик кошуундар федерациясынын алдында түзүлгөн фирма эмгек мигранттарын Орусияга жөнөтүү иштерин уюштурат. Маалыматка караганда, биржа алданып калуудан, келишим шарттарынын бузулушунан коргойт.

Чечимге ылайык, Орусияга сапар алган 50 мигранттан турган ар бир топту “Мигранттардын эмгек биржасынын” өкүлү коштоп барат. Орусиядагы тажик мигранттары укуктарынын бузулушуна дайыма даттанып келишет.

Тажикстандын Эмгек жана миграция министрлигинин маалыматына караганда, 2020-жылы Тажикстандан эмгек миграциясына 130 00 киши чыгып кеткен. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 75% аз. Орусиянын миграция кызматы тажикстандык 502 миң киши иш үчүн миграциялык каттоого турганын кабарлады.

Тажикстандын Улуттук банкы өткөн жылы акча которуулар 6,3% азайганын маалымдаган. Орусиянын Борбордук банкы былтыр мигранттар Тажикстанга 1,741 миллиард доллар жөнөткөнүн, бул андан мурдагы жылга салыштырмалуу 759 миллион долларга аз экенин билдирди.

XS
SM
MD
LG