Ссылки доступа

Казакстанда жолдун акылуу болушуна нааразылык билдирген айдоочуларга айып пул салынды (видео)


Казакстанда автоунаа жолдоруна акы төлөөгө нааразылык билдирип, жекшембиде Самара-Чымкент трассасын жапкан жүк ташуучу унаалардын айдоочуларына административдик чара көрүлдү. Бул тууралуу Актөбө облустук полиция департаменти билдирди.

Полициянын маалыматына караганда, Самара-Чымкент трассасынын боюндагы “Батыс жер” кемпингинин жанында жекшемби күнү 11 киши кармалган. Бул тилке Актөбө шаарынан 21 чакырым алыстыкта жайгашкан.

Маалыматка караганда, 30-майда кармалгандар шаардык полиция бөлүмүнө жеткирилген. Бир кишиге “Транспорт каражаттарынын кыймылына жолтоо болуу”, калган он кишиге “Жол кыймыл эрежесин бузуу” беренелери боюнча айып пул салынды.

Полиция билдиргендей, жол боюнча наарызылык билдирген жүргүнчүлөрдүн бири автоунаасы менен Самара-Чымкент трассасын жабууга аракет кылган. Калган он киши ары-бери жүгүрүп, жол кыймылына тоскоолдук жараткан.

30-майда Казакстандын бир катар региондорунда жук унаалары жол боюна тизилип, жолдун акылуу болушуна нааразылык билдиришкен. Бийлик июндан тартып өлкө боюнча 18 тилкеде жолго төлөм киргизүүнү пландоодо. Алыс жолго жүргөн айдоочулар трассалардын начардыгын, күйүүчү майдын кымбаттаганын айтышууда.

Буга чейин “Казавтожол” компаниясы жолдор үч категорияга бөлүнүп, биринчисинде баары акы төлөй турганын, экинчи жана үчүнчүсүндө акыны жүк ташуучу унаалар гана төлөй турганын, жеңил автоунаалар бекер жүрөрүн билдирген.

XS
SM
MD
LG