Ссылки доступа

Өзбекстанда облус башчысын видеого тарткан блогер кемсинтүүгө туш болду


Кашкадарыялык блогер Умид Каримов Касан районуна келген облус башчысын видеого тартып жатканда акимчилик өкүлү аны кемсинткенин билдирди.

«Көчмө кабылдама маалында облус башчысы депутаттарды сындады. Мен аны алагды кылбайын деп капталынан тарта баштадым. Ошол маалда облустук акимчиликтин Жашы жете электер менен иштөө бөлүмүнүн кызматкери мени кемсинтип, кабылдамага келбешим керек экенин айтты», — деп жазды блогер соцтармактардагы баракчасына.

Ал жергиликтүү басылмаларга берген маегинде окуя 29-майда Касан районунун Ширинтепа айылында болгонун билдирген.

«Зойир Мирзаевди сөз эркиндигин сыйлаган жетекчи катары билебиз. Бирок облустук администрация анын ишмердүүлүгүн чагылдыруубузга каршы болууда», - деген Каримов.

Ал ошондой эле бул окуя тууралуу облустук акимчиликтин басма сөз катчысына да маалымат бергенин, бирок азырынча эч кандай реакция боло электигин кошумчалаган.

Видео

Видео

Талас: чек арада жоголгон жылкы табылбайт
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:06:01 0:00
XS
SM
MD
LG