Ссылки доступа

Нышанов: саламаттык сактоо министри же парламент кетиши керек


Сайдулла Нышанов.
Сайдулла Нышанов.

Эл өкүлү министр коронавирусту уу коргошун менен дарылоо сунушу менен кыргыз медицинасын, жалпы эле өлкөнү дүйнөгө уят кылганын айтты.

“Сиз эми президенттин артына туруп алып күчкө салып жатасыз да. Парламентти тоготпойсуз, жыйындарга келбейсиз. “Керек болсо парламентти кетирем” дейсиз. Бирок бул убактылуу. Мен үч чакырылышта депутат болуп сизден чоң сүйлөгөндөрдү көрдүм бирок аягы жакшы бүткөн жок. Парламент, же сиз (Алымкадыр Бейшеналиев) кетишиңиз керек. Депутаттар, биз ушуга келишибиз керек”.

Министр Бейшеналиев COVID-19ду уу коргошун менен дарылоо тууралуу маалымат жалпыга маалымдоо каражаттарына чыгып кеткендиктен ага түшүндүрмө берүүгө туура келгенин билдирди. Аны менен Кыргызстанда 300-400дөй адамга клиникалык изилдөө жүргүзүлгөнүн жана анын жыйынтыгы чыга электигин кошумчалады.

Парламент уу коргошун чырына байланыштуу 28-апрелде Бейшеналиевге ишенбөөчүлүк көрсөтүп, ээлеген кызматынан бошотуу тууралуу сунушту ошол кездеги өкмөткө жиберген. Министр парламенттин аны иштен алуу тууралуу токтомун депутаттардын жакындарын кызматка койбогону үчүн өч алуу аракети катары баалаган.

Апрель айында Бейшеналиев брифинг өткөрүп, коронавируска каршы дарылоодо уу коргошун деп аталган чөптүн тамырын дарылыкка колдонуп жатканын айткан. Ал журналисттердин алдында бул чөптүн тундурмасын ичип, анын зыянсыз экенин билдирген. Министр тундурманы президент Садыр Жапаров экөө даярдап, дарыгерлерге дарылоону үйрөтүп жатканын кошумчалаган.

XS
SM
MD
LG