Ссылки доступа

Түркстан облусунда да айдоочулар жолдун акылуу болушуна каршы чыгышты


31-мартта Түркстан облусунда Батыш-Европа-Батыш Кытай эл аралык транзиттик жолунун жээгине ондогон жүк ташуучу унаалардын айдоочулары трассанын акылуу болушуна каршы нааразылык билдиришти.

Айдоочулардын бири Султан Дусуповдун айтымында, жолдун сапаты өтө начар, акысы кымбат. Маселен, Түркстандан Актөбөгө чейин барып келген жүк ташуучу унаанын айдоочусу 60 миң теңге (11 миң сомдун тегереги) салык төлөшү ыктымал.

—Айдоочу ошондо кимге жумуш иштейт? Мамлекеткеби же өзүнүн чөнтөгүнөбү? Жол сапатсыз. Кышында жаан-чачын болгондо жол жээгине токтогонго мүмкүн эмес. Аңгыл-дөңгүл көп. Алгач жолду жазасын, андан кийин талап кылсын. Кээ бир жолдо 200-400 чакырым жерде телефон байланышы болбойт. Бул уят го.

Нааразылыкка чыккан жүргүнчүлөр жол боюнда жети сааттан ашык туршкан. Алардын талаптарын билүү үчүн акимчиликтен жана “Казавтожолдон” өкүлдөр келишкен. Алар бул маселе талкууланып жатканын айтышкан. Айдоочулар талаптар орундалбаса, жолду жаба турганын эскертишкен.

Казакстанда автоунаа жолдоруна акы төлөөгө нааразылык билдирип, 30-мартта Самара-Чымкент трассасын жапкан жүк ташуучу унаалардын айдоочуларына административдик чара көрүлгөн. 11 кишиге айып пул салынган.

Бийлик июндан тартып өлкө боюнча 18 тилкеде жолго төлөм киргизүүнү пландоодо. Алыс жолго жүргөн айдоочулар трассалардын начардыгын, күйүүчү майдын кымбаттаганын айтышууда.

Буга чейин “Казавтожол” компаниясы жолдор үч категорияга бөлүнүп, биринчисинде баары акы төлөй турганын, экинчи жана үчүнчүсүндө акыны жүк ташуучу унаалар гана төлөй турганын, жеңил автоунаалар бекер жүрөрүн билдирген.

XS
SM
MD
LG