Ссылки доступа

Орусия Батыш округда жаңы аскер бөлүктөрүн түзөт


Орусия Коргоо министрлиги Батыш аскер округунда 20 жаңы бирикме жана аскер бөлүктөрүн түзөт. Бул тууралуу министрликтин башчысы Сергей Шайгу билдирди. Анын айтымында, буга АКШ башында турган НАТОнун орус чек араларына жакын жердеги активдүүлүгү себеп болду.

Министр жыл соңуна чейин Батыш чөлкөмдүн аскер бөлүктөрүнө эки миңдей заманбап курал жана техника жеткирилерин кошумчалады.

НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг аскердик-саясий альянс Москва менен диалог куруу жолдорун издеп, ошол эле маалда коргонуу максатында аскерлерин машыктыра берерин билдирди.

Жазында Орусия аннексияланган Крымга жана Донбасс менен чек арасына 120 миңдей жоокерин жана офицерлерин жөнөткөнү белгилүү болгон. Бул Батыш менен Украинанын тынчсыздануусун жараткан. Кремль ал өзүнүн аймагында аскер күчтөрүн ары-бери жылдыруу кайсы бир тарапка коркунуч жаратпай турганын билдирген.

22-апрелде Шайгу Крымда аскердик машыгууга катышып жаткан куралдуу күчтөрдү 1-майга чейин туруктуу жайгашкан аскер бөлүктөрүнө кайтуу буйрук бергени кабарланган.

XS
SM
MD
LG