Ссылки доступа

Душанбеде рейдден качкан окуучулар компьютердик борбордун үчүнчү кабатынан секиришти


Архив сүрөт
Архив сүрөт

Душанбеде мектеп окуучулары милиция рейд жүргүзүп жатканын билген соң компьютердик оюн борборунун үчүнчү кабатындагы терезеден секирип кетишти. Окуя 26-майда болгон.

Маалыматка караганда, бир нече өспүрүм жаракат алып, бирөө ооруканага жаткырылды. Прокуратура административдик иш козгоду.

Күбөлөр кеминде алты окуучу терезеден секирип, колдорун, буттарын жана кабыргасын сындырып алышканын билдиришти.

Дарыгерлердин айтымында, жерге желкеси менен түшкөн окуучунун абалы башында оор болгон, азыр абалы бир аз жакшырды.

“Озоди” радиосу кабарлагандай, бул факты боюнча административдик иш козголуп, анын алкагында мугалимдер, окуучулар жана компьютердик борбордун ээси сурак берет. Күнөөлүү тарапка 300 сомониге чейин айып пул салынышы ыктымал.

XS
SM
MD
LG