Ссылки доступа

ЮНИСЕФ Казакстанга 1-сентябрдан тартып мектептерди кадимки окуу форматына кайтарууну сунуштады


Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Балдар фонду (ЮНИСЕФ) казак бийлигине кийинки окуу жылында мектептерди салттуу билим берүү форматына кайтарууну сунуштады. Бул тууралуу ЮНИСЕФтин Казакстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Артур ван Дизен Балдарды коргоо күнүнө карата өкмөт жыйынындагы сөзүндө билдирди.

Анын айтымында, пандемияга байланыштуу мектептер жабылганда дүйнөдөгү ар бир үчүнчү окуучунун же 463 миллион баланын аралыктан окууга мүмкүнчүлүгү болгон эмес. Алардын арасында Казакстандагы окуучулар да бар.

«ЮНИСЕФ жаңы окуу жылында санитардык-эпидемиологиялык нормаларды сактоо менен бардык мектептерди ачууну сунуштайт. Мындан тышкары билим берүүдөгү жоготууларды баалоо үчүн мониторинг жүргүзүп, анын жыйынтыгы менен окуучулардын билим деңгээлин толуктоо боюнча программаларды иштеп чыгуу зарыл. ЮНИСЕФ бул багытта Казакстанга жардам берүүгө даяр», – деди Артур ван Дизен.

Казакстандын Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына караганда, соңку окуу жылынын биринчи чейрегинде өлкө боюнча 2,5 миллион окуучу аралыктан билим алса, төртүнчү чейрекке карата алардын саны 1,3 миллионго чейин азайган. Акыркы чейректе 1,7 миллион окуучу аралаш форматта окуган. Мектептерге нөөмөт жана бүтүрүүчү класстардын окуучулары гана барып турушкан.

27-майда министр Асхат Аймагамбетов өлкөнүн билим берүү системасы «кийинки жылы аралыктан окутуу форматын көтөрө албай турганын» белгилеп, мугалимдерди эмдөөдөн өтүүгө жана санитардык-эпидемиологиялык талаптарды аткарууга чакырган.

Видео

Видео

Мүнөтүнө 25 миң сөз окуган Элла
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:03:01 0:00
XS
SM
MD
LG