Ссылки доступа

Ташкенттин мэри президенттик администрациянын башчысы менен кудалашат


Жахонгир Артыкхожаев¸ Шавкат Мирзиёев жана Зайнилобиддин Низомиддинов (артында)

Ташкент шаарынын башчысы, ири монополисттик корпорациялардын ээси Жахонгир Артыкхожаев Өзбекстан президентинин администрациясынын башчысы Зайнилобиддин Низомиддинов менен кудалашат. Бул тууралуу «Азаттыктын» өзбек кызматы президенттик администрацияга жакын булактарына шилтеме кылып билдирди.

«Артыкхожаевдин кичүү кызы Камила Низомиддиновдун уулу Шахобиддинге турмушка чыкканы жатат. Жакында эле сөйкө салуу жөрөлгөсүн аткарышты», — деди булак.

Камила Артыкхожаева менен Шахобиддин Низомиддинов
Камила Артыкхожаева менен Шахобиддин Низомиддинов

Жахонгир Артыкхожаевдин кичүү кызы бир нече жыл мурда Instagram социалдык түйүнүндөгү баракчасына ашкере байлыгын көрсөткөн сүрөттөрүн жарыялагандан кийин коомчулукка таанылган. Анын атасы 3,2 миллион сумга (300 доллар) «жакшы жашаса болорун» айткандан кийин кызынын жеке учак менен жүрүшү жана кымбат баадагы автоунаасы тууралуу жазгандары интернет колдонуучулардын кыжырын келтирген.

Бул окуядан кийин Камила Артыкхожаева ашкере байлыгын көрсөткөн видеолору менен сүрөттөрүн өчүрүп, социалдык түйүндөрдөгү активдүүлүгүн кыйла чектеген. Бирок анын мурда жана азыр тартылган айрым сүрөттөрүн Instagram’дагы «Ташкенттин бай балдары» аттуу баракчадан кезиктирүүгө болот.

Интернетте президенттик администрациянын башчысынын уулу Шахобиддин тууралуу маалымат өтө аз. Instagram профилиндеги сүрөттөрүнө караганда, ал кымбат баадагы бренддерди жактырат.

Ташкенттик ишкерлердин бири эки үй-бүлөлүк кландын биригүүсү коррупцияны жана Өзбекстан экономикасын борборлоштурууну жаңы деңгээлге көтөрөт деп эсептейт.

«Артыкхожаев Ташкентти өзүнүн короосуна айлантып алган десек болот. Низомиддинов болсо Сурхандарыянын чыныгы кожоюну. Азыр өлкөнүн кадрдык саясаты толугу менен анын колунда. Жакында эле анын сурхандарыялык кишилери негизги мекемелердин башчыларына орун басар болуп дайындалышты... Экөө кудалашкандан кийин булардын масштабы кандай чоңоёрун көрөсүңөр. Бул өтө кооптуу оюн», — деди ал.

Akfa/Artel Corporation холдингине ээлик кылган Жахонгир Артыкхожаев Шавкат Мирзиёевдин премьер-министр кезиндеги колдоосу менен бизнес-империясын түптөгөн ишкер катары белгилүү.

Мирзиёев аны Ташкенттин башчысы кызматына дайындагандан кийин кызыкчылыктар кагылышы нормага айланган. Алгач Ташкенттеги, андан соң жалпы Өзбекстандагы ири мамлекеттик долбоорлордун көбү жашыруун буйруктар жана ачык жарыяланбаган тендерлер аркылуу Артыкхожаевдин жеке компанияларына бериле баштаган.

Видео

Видео

Сабизден жасалган чоор
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:07:23 0:00
XS
SM
MD
LG