Ссылки доступа

Тажикстанда "Ислам кайра жаралуу партиясынын» мурдагы мүчөсү беш жылга соттолду


Мирзокул Хожиматов

Тажикстанда "Ислам кайра жаралуу партиясынын" мурдагы мүчөсү, дарыгер Мирзо Хожимухаммад (Мирзокул Хожиматов) беш жылга эркинен ажыратылды.

Бул маалыматты анын адвокаты Абдусалом Дадобоев ырастап, өкүм боюнча жогорку баскычтагы сотко даттана турганын билдирди.

Хожимухаммадга "Экстремисттик уюмдун ишмердүүлүгүн уюштуруу" беренеси боюнча айып тагылган. Жакындары айыптоолорду негизсиз деп атап, ал 2015-жылдан бери эч бир партияга же уюмга мүчө эмес экенин билдиришүүдө.

Бул иш боюнча тергөө иштери дээрлик төрт айга созулду. Бул аралыкта Хожимухаммад эркиндикте жүрүп, 22-майда камакка алынган.

Тажик жана орус жарандыгына ээ 63 жаштагы Мирзо Хожимухаммад кезинде "Ислам кайра жаралуу партиясынын" Согд облусундагы өкүлчүлүгүн жетектеген. Жакындарынын айтымында, ал партиянын катарынан 2015-жылы өз каалоосу менен чыгып кетип, 2017-жылга чейин Ашт райондук ооруканасында дарыгер болуп иштеген.

2019-жылдан бери Орусиянын Тюмень облусунда жашаган Хожимухаммад быйыл февралда туугандары менен көрүшүү үчүн Тажикстанга келген. Көп өтпөй бийлик ага каршы Тажикстанда кылмыш иши козголгонун билдирген.

Тажикстандын Жогорку соту 2015-жылы күзүндө "Ислам кайра жаралуу партиясын" экстремисттик деп таап, өлкө аймагында анын ишмердүүлүгүнө тыюу салган. Андан бери Тажикстанда партиянын жүздөгөн активисттери менен мүчөлөрү узак мөөнөттөргө соттолду.

Бийлик партияны мурдагы коргоо министринин орун басары Абдухалим Назарзода менен көмүскө бүтүмгө барып, мамлекеттик төңкөрүш жасоого аракет кылган деп айыптоодо. Партия жетекчилиги бул айыптоолорду четке кагып келет.

Видео

Видео

Памирден келгендер жайыт жана үлүш жерге муктаж
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:03:47 0:00
XS
SM
MD
LG