Ссылки доступа

Инандыны табууну талап кылгандар өкмөт үйүнүн алдына барды


31-майдын түнүнөн бери дайынсыз болуп жаткан “Сапат” билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инандыны табууну талап кылган жарандардын акциясы Министрлер кабинетинин имаратынын жанында уланууда.

2-июнда Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин астында кайрадан митингге чыккандар президент, Министрлер кабинетинин төрагасы отурган имаратка келип бийликтен маалымат берүүнү талап кылыш жатышат. Алар “Орхан Инанды табылсын”, “Орхан агай кыргыз жараны” деп кыйкырып турушат.

Орхан Инандынын эшиги ачык турган машинеси 1-июнга караган түнү таңга жуук Бишкекте табылган. Милицияга арызды анын уулу жазып, акыркы жолу атасы байланышка 31-майда кечинде чыкканын, ошо бойдон дайынсыз экенин билдирген.

Президент Садыр Жапаров 1-июнда кыргыз жараны Орхан Инандыны издөө иштерин күчөтүүнү жана кошумча күч тартууну тапшырган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) бул фактыны Жазык кодексинин 170-беренеси (“Адам уурдоо”) менен териштирип жатат. Министрликтин, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын жана Бишкектин Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлеринен турган ыксам топ Орхан Инанды издеп жатат.

Анын тарапташтары менен жакындары Орхан Инандынын жоголушунун артында түрк атайын кызматтары турушу мүмкүн деп шек санап жатышат. Түрк элчилиги болсо мындай дооматтарга үн ката элек.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Орхан Инандыга 2019-жылы айрым уюшкан кылмыштуу топтор аны акча талап кылыш үчүн уурдашы мүмкүн экендиги тууралуу эскертилгенин билдирди.

Видео

Видео

"Шам-Бала": Керексизовдун соңку керээзи
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:10:41 0:00
XS
SM
MD
LG