Ссылки доступа

ЖМК: Пакистан Тажикстанга өз өндүрүшүнөн чыккан курал жарак жеткирет


Пакистандын премьер-министри Имран Хан Исламабадда Тажикстан президенти Эмомали Рахмон менен жолугушуу учурунда эки өлкөнүн коргонуу жана куралдануу тармагындагы кызматташуу маселесин талкуулады. Тажикстан башчысы эки күндүк сапары менен Пакистанга барган.

Жолугушуунун жыйынтыгында Имран Хан журналисттерге: “Коргонуу тармагында кызматташууну өнүктүрүү биз үчүн өтө маанилүү”, - деди.

“Озодиге” тажик өкмөтүнүн делегация курамындагы өз булагы билдиргендей, Эмомали Рахмон менен Имран Хан Исламабадда жеке жолугушуу өткөргөн. “Жолугушуу жабык эшик артында болду, балким алар бул маселелерди талкуулашты, бирок коргонуу тармагында кызматташуу боюнча эч кандай документке кол коюлган жок”, деди ал.

Ошол эле маалда "Dawn" агенттиги Пакистан премьер-министри Тажикстандын башчысы менен жолугушуу учурунда Тажикстандын Пакистан өндүрүшүнөн чыккан куралга муктаждыгы жөнүндө маселе талкууланганын жана өз ара түшүнүшү мемарандумуна кол коюлганын жазды.

Пакистандык журналист Саджод Хусейн "Yahoo" сайтында жарыяланган макалада Пакистан менен Тажикстан коргонуу тармагында кызматташуу жөнүндө келишимге кол койгонун, анын алкагында Пакистан өз өндүрүшүнөн чыккан курал-жаракты ушул өлкөгө жеткирерин билдирген.

2-июнда Тажикстан президентинин маалымат кызматы эки өлкө ортосунда экономика, билим берүү, коррупция менен күрөшүү, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, жүк ташуу жана башка тармактарда кызматташуу боюнча 12 жаңы документке кол коюлганын кабарлады. Жарыяланган тизмеде коргонуу жана куралдануу жөнүндө кеп жок.

Исламабад менен Дүйшөмбү CASA-1000 долбоорунун ишке ашырылышын маанилүү деп эсептешет. Ал аркылуу Кыргызстан менен Тажикстандан Ооганстанга жана Пакистанга электр энергиясын жеткирүү каралган.

XS
SM
MD
LG