Ссылки доступа

Тажикстанда окуучулар 7-июнда жайкы эс алууга тарайт


Тажикстанда билим берүү жана илим министринин буйругу менен 1-класстын окуучулары 3-июндан, 2-11-класстардын окуучулары 7-июнда жайкы эс алууга тарайт.

Мындай өзгөртүү ата-энелер окуу жылы өтө созулуп кеткенине, жайкы ысыкта класстарда билим алуу оор болуп жатканына даттанышкандан кийин киргизилди. Буга чейин Билим берүү жана илим министрлиги окуу жылы 14-июнга чейин уланары жөнүндө чечим кабыл алган.

Былтыр жогорку класстардын окуучулары 27-апрелден августтун ортосуна чейин эс алууга тараган. Бийлик бул чечимин өлкөдөгү коронавируска байланыштуу жагдай менен түшүндүргөн.

Тажикстанда сегиз жыл мурун акыркы конгуроо советтик мезгилдей эле 25-майда кагылып келген. Кийин окуу жылы 7-июнга, аркыркы жылдары 14-июнга чейин жылдырылган.

Видео

Видео

"Шам-Бала": Керексизовдун соңку керээзи
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:10:41 0:00
XS
SM
MD
LG