Ссылки доступа

Казакстандын түндүгүндө тургундардын "уулануусунан" кийин ичүүчү суу текшерилүүдө


Түндүк Казакстан облусунун Кызылжар районунда жүздөн ашык адам уулануунун белгилери менен дарыгерлерге кайрылгандан кийин аймактагы ичүүчү суу текшериле баштады. Бул тууралуу Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл боюнча райондук башкармалыктын жетекчиси Жангилды Ибраев билдирди.

Анын айтымында, мекеменин адистери санитардык-химиялык, бактериологиялык жана вирусологиялык көрсөткүчтөр боюнча текшерүү жүргүзүү үчүн тургундар ичкен суунун бир нече булагынан үлгүлөрдү алышкан.

«Бактериологиялык көрсөткүчтөр боюнча текшерүүнүн жыйынтыктары оң чыкты. Алты үлгүдө суунун булганган экени аныкталды. Бул боюнча кошумча экспертиза дайындалды», — деди Ибраев.

Жергиликтүү бийликтин маалыматына караганда, 28-майдан бери Кызылжардан болжол менен 12 чакырым алыстыкта жайгашкан Бескөл айылынын 130дан ашык тургуну дарыгерлерге кайрылып, жүрөгү айланып, ичи өтүп жатканына даттанышкан. Медиктер аларга энтеровирус инфекциясы деген диагноз коюп жатышат. 3-июнга карата 18 киши, анын ичинде 17 бала ооруканада жатканы, абалдары туруктуу экени кабарланган.

XS
SM
MD
LG