Ссылки доступа

"Радио Свобода" "чет элдик агент" тууралуу буйрукту жокко чыгарууну талап кылды (видео)


Орусияда «чет элдик агент» деп аталган ЖМКларды журналисттик материалдарын маркировка кылууга милдеттендирген Роскомнадзордун буйругу жокко чыгарылышы керек.

Бул тууралуу "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун орус кызматы – "Радио Свобода" медиа мекемесинин башкы директору Андрей Шарый Санкт-Петербургдагы экономикалык форумдун алкагында Орусиянын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) уюштурган талкуунун жүрүшүндө билдирди.

Радио Свобода требует отменить приказ о СМИ-"иноагентах"
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:03:00 0:00

Анын айтымында, бул буйрук «чет элдик агенттер» тууралуу орус мыйзамдарындагы башка жоболор сыяктуу эле эл аралык укуктун нормаларын, Орусиянын Конституциясын жана «ЖМКлар тууралуу» мыйзамын бузуп, медиачөйрөдөгү тең атаандаштык принциптерине каршы келет.

"Радио Свободанын" маалыматына караганда, талкуунун көпчүлүк бөлүгү АКШдагы «чет элдик агенттер» тууралуу мыйзамды жана Орусиянын маалыматтык таасирин чектөө боюнча башка батыш өлкөлөрүндөгү көрүлүп жаткан чараларды сындоого арналды.

Буга чейин орус ТИМинин Маалымат жана басма сөз департаментинин директору Мария Захарова «чет элдик агенттер» тууралуу Орусиядагы мыйзам АКШ өкмөтүнүн «Америкадагы орусиялык журналисттерге каршы аракеттерине» окшош экенин билдирген.

Бирок "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун жетекчилери менен эл аралык журналисттик уюмдардын өкүлдөрү мындай жүйөнү бир канча жолу четке кагышкан. Алардын айтымында, "Радио Свобода" Орусияда иштеп жаткан шарттар менен орус ЖМКлары үчүн АКШда түзүлгөн шарттарды салыштырууга болбойт.

Быйыл январдан бери материалдарын маркировка кылуу талаптарын аткарбаганы үчүн "Радио Свободага" Орусияда 520 административдик жаза протоколдору түзүлгөн. Буга байланыштуу медиа мекеме менен анын жетекчилигине салынган айып пулдун өлчөмү 80 миллион рублден ашты. Бул чечимдер боюнча "Радио Свобода" жана анын башкы директору Андрей Шарый Орусиянын үстүнөн Адам укуктары боюнча Европа сотуна арызданган.

Май айында Сот аткаруучулар кызматы айып пулдарды мажбурлап өндүрүү тууралуу 20 өндүрүштүк иш ачып, "Радио Свободанын" банк эсептери бөгөттөлгөн.

Видео

Видео

Өз менен өзгөнү тейлеген "Токтогул" ГЭСи
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:20:23 0:00
XS
SM
MD
LG