Ссылки доступа

Хорезмде мыйзамсыз иштеп жүргөн жүздөгөн жумушчу "легалдаштырылды"


Өзбекстандын Хорезм облусунда 420 ишкананын ишмердүүлүгү текшерилип, жумушчу катары расмий катталбай иштеп жүргөн жүздөгөн киши аныкталды. Бул тууралуу облустук акимчиликтин басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, мындай рейддердин максаты — жумушчуларды легалдаштыруу аркылуу кошумча иш орундарын түзүү болуп эсептелет.

Багат районунда ашкана иштеткен ишкерлердин бири «салыкчылар легалдаштыруу шылтоосу менен аны кошумча жумушчуларды ишке алууга мажбурлашканына» даттанууда.

– Кеминде 15 кишиден иштеген кафе, ресторан өңдүү ири ишканалардын штатында болгону экиден гана киши иштейт, калганы «көмүскө» жумушчулар. Көпчүлүк жерде ушундай, тааныштары аркылуу же акча берип уруксат алып алышкан. Бирок мага окшогон кичи ишкерлерге басым кылып, штатка үчтөн киши кошууга мажбурлап жатышат, — деди ал.

Өз кезегинде Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын жардамчысы Мубина Мирзаева мындай дооматтарды четке какты. Анын айтымында, рейддин жүрүшүндө «чынында ондогон киши иштеп, бирок документ жүзүндө эки гана киши катталган» ишкерлик субъектилердеги жумушчулар легалдаштырылган.

– Мыйзамсыз жумушчу күчтөрүн тарткан ишкерлерге айып пул салынган жок, болгону жумушчуларын легалдаштырып бердик. Бул мыйзамдын талабы, конверттер менен айлык берүү токтошу керек», — деди Мирзаева.

Президент Шавкат Мирзиёев 2019-жылы августта өткөн видеоселектордун жыйында ишмердүүлүгүн токтоткон ишканаларды калыбына келтирүү, жумушчуларды легалдаштыруу жана жаңы долбоорлорду ишке ашыруу аркылуу салык базасын кеңейтүү тапшырмасын берген.

Видео

Видео

"Шам-Бала": Керексизовдун соңку керээзи
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:10:41 0:00
XS
SM
MD
LG