Ссылки доступа

Борбор Азияда Казакстандан иш издеген мигранттар көбөйдү


Орусияда иштөө үчүн патент, баруу үчүн авиабилет кымбат болгондуктан Борбор Азиядагы жарандардын көбү Казакстандан жумуш издөөдө.

Өзбекстандык мигрант Дилшодбек он жыл Орусияда иштеген, быйыл коңшулаш Казакстанга барууну көздөп жатат.

“Казакстанда айлык акы төмөнүрөөк, бирок мен эсептеп чыктым, жыйынтыгында анчалык деле айырма жок. Майда Орусияга кеткен агам авиабилетке 600 доллар, ишке орношуу үчүн уруксат алууга 300 доллар коротту. Казакстанга барууга андан аз акча кетет”, — деди Дилшодбек.

Май айында Атырау облусуна айыл чарба секторунда иштөө үчүн Өзбекстандан 600 киши келген. Андан бир ай мурун Атырау бийлиги тазалык тармагында иштөө үчүн дагы 70 өзбек мигрантын чартердик рейс менен алып келген.

Пандемияга байланыштуу чек аралар жабылык калгандыктан, Казакстандын башка региондорундай эле Атырау да жумуш күчүнө муктаж.

Аймактагы айыл чарба башчысы Актурлан Ерманов өзбекстандык мигранттардын жол киресин төлөп берүүгө даяр. Ар бир кишиге билет менен коронавируска тест 500 доллардан айланат.

Ерматовдун 1500 гектар жери бар. Талаада жумуш күчү керек.

“Мигранттар жакшы иштешет. Жергиликтүүлөр ишти аягына чейин чыгарышпайт. Күтүүсүз бошонуп кетишет же жумушка чыкпай коюшат”,— деди Актурлан Ерманов.

Атырау шаарында көчө тазалоочулар айына 330 доллар алышат. Аларга муниципалдык жумушчу катары кошумча жеңилдиктер каралган. Айыл чарба секторунда иштеген мигранттар айына орточо 235 доллар табат.

Расмий статистикага караганда, акыркы беш жылда Казакстанда өзбек мигранттарынын саны бери дегенде он эсеге көбөйгөн. Пандемияга чейин алардын саны болжол менен 360 миң кишини түзгөн. Казакстанда кыргызстандык 35 миңдей мигрант иштейт. Евразиялык экономикалык биримдиктин мүчөсү катары кыргыз жарандары Казакстанда мыйзамдуу негизде жашап жана иштей алышат.

Пандемияга чейин Казакстанда тажикстандык 14 миңдей мигрант болгон.

XS
SM
MD
LG