Ссылки доступа

Беларус телеканалы Протасевич күнөөсүн мойнуна алган видеону көрсөттү


Беларустун мамлекеттик ОНТ телеканалы бейшемби күнү кечинде камактагы оппозициялык блогер Роман Протасевичтин интервьюсун көрсөттү.

Анда ал массалык башаламандыктарды уюштурганын мойнуна алган. Бул маектин качан, кайда жана кандай шарттарда жаздырылганы белгисиз. Протасевич 23-майдан бери Минск шаарындагы тергөө абагында камакта отурат.

ОНТ телеканалында көрсөтүлгөн сюжетте оппозициялык NEXTA телеграм-каналынын мурдагы башкы редактору айып тагылары менен дароо күнөөсүн мойнуна алганын айткан.

"Мен каналга чыгарып жаткан чакырыктар көчөлөрдө көзөмөлгө алууга мүмкүн болбогон башаламандыктардын башталышына себеп болгонун түшүнгөм. Мындан улам Минск үч күн хаосто жашаган" – деген блогер. Мындан тышкары ал беларус оппозициясынын бир катар өкүлдөрүн сындап, Александр Лукашенкону «сыйлай турганын» айткан.

23-майда беларус бийлиги Грециядан Вильнюска бараткан учакты «бомба бар» деген жалган шылтоо менен кондуруп, ичиндеги Протасевич менен анын сүйлөшкөн кызын камаган. Батыш мамлекеттери, укук коргоо уюмдары, оппозиция авторитардык лидер Александр Лукашенконун бул аракетин сынга алып, журналисттин бошотулушун талап кылып келет.

Видео

Видео

Өз менен өзгөнү тейлеген "Токтогул" ГЭСи
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:20:23 0:00
XS
SM
MD
LG