Ссылки доступа

Тажик журналисти Хумайро Бахтиёр өзгөчө коргоого муктаж журналисттердин тизмесине киргизилди


Баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан One Free Press эл аралык коалициясы жакынкы айларда максималдуу түрдө эл аралык коомчулуктун көңүл буруусуна муктаж “өзгөчө абалда” калган 10 журналисттин тизмесин жарыялады.

Алардын арасында чет өлкөдө жашаган тажик журналисти Хумайро Бахтиёр да бар.

Июнда түзүлгөн тизмеге Беларуста кармалган жураналист Роман Протасевич, Ирандан Поен Хушхола, Орусиядан Наталья Зубкова да киргизилген.

Европада жашаган Хумайро Бахтиёр анын атынын бул тизмеге киргизилиши “Тажикстанда сөз эркиндигинин абалы начар экендигинен жана тажик журналисттери кабылган коркунучтардан кабар берип турарын” айтты.

Коалиция билдиргендей, негизинен саясий маселелерди жана коррупциялык көрүнүштөрдү жазган Хумайро Бахтиёр 2016-жылы Европадан саясий башпаанек суроого аргасыз болгон. Ага карбай ал онлайн түрдө коркутууларга кабылып, Тажикстандагы үй-бүлө мүчөлөрү куугунтуктоого дуушар болууда.

Хумайро Бахтиёр “Имруз” радиосунда, “Озодагон” маалымат агенттигинде, “Азия-Плюс” гезитинде иштеп, Согуш жана тынчтык боюнча британ институту, “Анадалу”, “Немис толкуну” агенттиктери менен кызматташып турган.

One Free Press 2019-жылдан бери ай сайын түрмөдө отурган, коркутууларга жана адилетсиздикке туш болгон журналисттердин тизмесин жарыялап турат. Коалициянын максаты – өз өмүрүн тобокелге салып дүйнөдө чындыкты чагылдырган журналисттерди колдоо.

One Free Press коалициясына ар кайсы өлкөдөн 30дан ашуун жалпыга маалымдоо каражаттары кирет. Алардын арасында Эркин Европа/ Азаттык радиосу, “Эркин Азия” радиосу, Reuters, The Associated Press, Deutsche Welle, The Washinghton Post, “Америка үнү” бар. One Free Press Журналисттерди коргоо комитети (CPJ) менен иштешет.

“Чек арасыз кабарчылар” уюмунун иликтөөсүнө ылайык, 2016-жылдан бери Тажикстанда сөз эркиндигинин абалы кескин төмөндөп кетти. 2020-жылы 180 өлкөнүн ичинен 161-орунда жайгашкан.

Тажикстан бийлиги бул рейтинг менен макул болбой, өлкөдө 260тан ашуун жеке, мамлекеттик жана өкмөттүк эмес маалымат агенттиктеринин ишине уруксат берилгенин билдирип келет.

XS
SM
MD
LG