Ссылки доступа

Байден Путин менен жолугушууда адам укуктары боюнча көйгөйлөрдү көтөрөт


АКШнын президенти Жо Байден 16-июнда Женевада орус президенти Владимир Путин менен жолуккан учурда адам укуктары жаатындагы көйгөйлөрдү көтөрөт.

Ал Кошмо Штаттар жана Батыштын башка өлкөлөрүнүн бул тармактагы бирдиктүү позициясын Путинге айтып берет. Бул тууралуу Байдендин Европага сапарынын алдында Washington Post гезити жазды.

Жо Байдендин 11-июнда башталчу сапары президенттикке киришкенден кийинки алгачкы чет өлкөлүк сапар. Ал “Чоң жетидеги”, Евробиримдик жана НАТОго мүчө өнөктөш өлкөлөрдүн лидерлери менен жолугат. Ал эми 16-июнда соңку жылдарда ортодогу мамиле абдан начарлап кеткен Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушмакчы.

АКШ президенти сапардын башкы максаты “Американын башка өнөктөштөргө берилгенин далилдөө жана демократиялык мамлекеттерге учурдагы коркунучтар менен күрөшүү, кыйынчылыктарды ашып өтүү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү көрсөтүү”,- деп атады.

Макалада Жо Байден Кошмо Штаттар күчтүү дүйнөлүк лидер бойдон калышы керектиги белгиленген. Ал өлкөнүн алдында турган көйгөйлөр катары коронавирус пандемиясы менен күрөш, климат кризиси, Кытай жана Орусиянын “зыяндуу аракеттерин” санаган.

Женевада Владимир Путин экөө өнөктөштөр менен жогорку деңгээлде талкууларды өткөргөндөн кийин жолугарын айткан.

Мындан тышкары АКШ Орусия менен жаңжалдашууну каалабасын, туруктуу алака тузүүгө кызыкдар экенин, бирок Москванын кыянатчыл саясатына көз жумуп карап турбасын да кошумчалады.

Байден менен Путиндин Женевадагы жолугушуусу АКШ президентинин демилгеси менен өткөнү жатат. Кремль бул сунушка көпкө жооп бербей жатып, акыр-аягында макул болгон. Бул анын Путин менен президент катары биринчи жолугушуусу болмокчу.

XS
SM
MD
LG