Ссылки доступа

Гүлнара Каримованын адвокаттары БУУга кайрылышты


4-июнда Гүлнара Каримованын швейцариялык адвокаты БУУнун ыксыз камоолор боюнча жумушчу тобуна расмий түрдө кайрылды.

Адвокаттар БУУну Каримованын түрмөдө мыйзамсыз кармалганын таанууга чакырышууда. Билдирүүдө түрмөдө Гүлнара Каримованын фундаменталдык укуктарынын тез-тез бузулуп жатканы жазылган.

“Гүлнара Каримова 2014-жылы уурдалгандан кийин биринчисинде 18 ай сотту күттү. Үч жасалма сот жараяны болду жана анын баары жабык эшик артында өттү. Ал адвокаттары менен сүйлөшүү жана ага карата козголгон кылмыш ишинин материалдары менен таанышуу укугунан ажыратылды. Өз тажрыйбабызда камалган адамдын куралдуу кишилердин курчоосунда ашканада соттолгонуна биринчи жолу күбө болдук. Өзбекстан режими Гулнара Каримовага ырайымсыз жана катаал ыкмаларды колдонууда. Ал толугу менен изоляцияда. Биз Өзбекстан бийлигин эл аралык милдеттенмелерин аткарып, Гүлнара Каримованы түрмөдөн токтоосуз бошотууну талап кылабыз”.

Кайрылууда алар Батышты, анын ичинде Швейцариянын юстиция системасын өзбек сотторун колдогону үчүн айыптады. Адвокаттар Батыш Өзбекстандагы мыйзам бузууларды легитимдештире берсе, Гүлнара Каримова сыяктуу соттолгондорго физикалык, психологиялык басым күчөй бере турганын белгилешти.

Гүлнара Каримова Ташкент облусундагы түрмөдө отурат. Ага “Опузалап мүлктү менчиктеп алуу”, “Ыксыз сарптоо”, “Кылмыш жолу менен табылган кирешелерди адалдоо” беренелери менен айыптар коюлган. Каримова 2020-жылдын 18-мартында 13 жыл төрт айга эркинен ажыратылган.

Ушул жылдын сентябрь айында Швейцария менен Өзбекстан Каримованын акчасын кайтарууну макулдашкан. Ага ылайык, Каримованын 2012-жылдан бери Швейцариянын банктарында сакталып турган 131 миллион доллары Ташкентке которулары айтылган.

XS
SM
MD
LG