Ссылки доступа

Пакистанда поезддердин кагылышуусунан 30дан ашуун киши набыт болду 


Пакистандын түштүгүндө эки жүргүнчү ташыган поезддин кагылышуусунан кеминде 36 адам набыт болуп, 64ү жабыркады.

Кырсык 7-июнда эртең менен Синд провинциясындагы Дахарки шаарына жакын жерде болгон. Бул тууралуу Samaa TV телеканалы куткаруучуларга шилтеме берүү менен билдирди.

Расмий маалыматка ылайык, поезддердин бири рельсттен чыгып кетип, эл ташып келе жаткан экинчи поезд менен кагылышкан. Анда 14 вагон оодарылып кетип, алты вагон толугу менен кыйраган. Жергиликтүү бийлик өкүлү Усман Абдулла билдиргендей, учурда бир нече киши урандылар алдында жатат.

Поезд кырсыгы алыскы аймакта орун алгандыктан куткаруу операциясын жүргүзүү кыйын болууда.

Пакистандын премьер-министри Имран Хан бидирүү таратып, кырсыктын себептерин аныктоо үчүн терең иликтөө жүргүзүүнү убада кылды.

Видео

Видео

Сабизден жасалган чоор
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:07:23 0:00
XS
SM
MD
LG