Ссылки доступа

Тажикстанда түрмөдөгү мурдагы сот аткаруучуга жаңы кылмыш иши козголду


Саиднуриддин Шамсиддинов

Буга чейин сегиз жарым жылга соттолгон адвокат жана Хатлон облусунун мурдагы сот аткаруучусу эми экстремисттик топтор менен кызматташууга айыпталууда.

Саиднуриддин Шамсиддинов 2020-жылы Тажикстандын Кылмыш кодексинин жети беренеси боюнча, анын ичинде мыйзамсыз түрдө жер келишимин түзүү, алдамчылык жана жалган маалымат таратуу айыбы менен соттолгон. Шамсиддиновдун туугандары ал адилетсиздикке каршы күрөшкөнү үчүн жазага тартылды деп эсептешет.

Ал учурда Душанбедеги түзөтүү колониясында отурат.

Бул арада Шамсиддиновго “Экстремисттик ишмердүүлүктү жүзөгө ашырууга чакыруу” беренеси боюнча жаңы кылмыш иши козголду. Бул беренеде үч жылдан беш жылга, эгер чакырык ЖМК же интернет тармагы аркылуу жасалса, беш жылдан он жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.

Хатлон облусунун тергөөчүлөрүнүн бири Шамсиддинов түрмөдөн Бохтардагы тергөө изоляторуна которуларын билдирди.

Сайднуриддиндин агасы Камариддин Шамсиддинов суракка чакырылып, тергөөчүлөр андан инисинин “Группа 24” тобу менен болгон байланышын сурашкан.

Тажикстанда 2012-жылы түзүлгөн “Группа 24” тобу Жогорку соттун чечими менен экстремисттик уюм катары таанылган. Топтун лидерлери жана анын тарапташтары саясий чечим кабыл алынганын билдиришкен.

Видео

Видео

Сабизден жасалган чоор
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:07:23 0:00
XS
SM
MD
LG