Ссылки доступа

Түркстанда тоого эс алууга чыгып жоголгон эки студенттин буюмдары табылды


8-июнда Түркстан облусунун Сайрам-Өгем улуттук паркындагы “Сайрам Айгыр” өрөөнүндө жолго чыгып, кайрылып келбеген жети студенттин экөөнүн буюмдары табылды.

Өзгөчө кырдаалдар департаментинин куткаруучулары 21-майда тоого чыгып кеткен жети адамдын үчөөнү куткарган, экөөнүн сөөгү табылган.

Эки аптадан бери изделип жаткан эки студенттин биринин агасы табылган буюмдар инисине тиешелүүбү же жокпу али белгисиз экенин билдирди. Анын айтымында, издөө тобунда атасы да бар. Экинчи инисинин сөөгү 29-майда табылган.

Түркстан облустук өзгөчө кыраалдар департаментинин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 8-июнда изделип жаткан эки студенттин свитери, бут кийими жана төшөнчүсү табылган. Студенттердин биринин апасы буюмдардын арасынан уулунун кийимин тааныган.

Жети студент 21-май күнү тоого эс алууга чыгып, жоголуп кеткен. Кийин аларды куткаруучулар менен бирге полиция, чек ара кызматы жана туугандары издей баштаган.

28-майда үчөө тирүү табылган. Аларды “Казавианын” куткаруучулары тик учактан байкап калышкан. 29-майда экөөнүн сөөгү Угам дарыясынан табылган. Бул окуяга байланыштуу кылмыш иши козголду. Сотко чейинки териштирүү иштери башталды.

XS
SM
MD
LG