Ссылки доступа

Казакстан Түркмөнстандан помидор менен калемпир ташууга убактылуу тыюу салды


Казакстан Түркмөнстандан помидор жана калемпир алып келүүгө убактылуу тыюу салды. Бул тууралуу өлкөнүн айыл чарба министрлиги билдирди.

Министрлик тараткан билдирүүдө бул чара помидор жана калемпирден карантиндик организмдер табылган учурлар көбөйгөнүнө байланыштуу кабыл алынганы белгиленген.

Карантиндик-фитосанитардык көзөмөл жүргүзүлгөн учурда Түркмөнстандан келген помидорлордон вирус (Tomato brown rugose fruit virus (ToBRFV) табылган 19 учур катталган.

Казакстан Түркмөнстанга карантиндик-фитосанитардык талаптар бузулганы жөнүндө кат жөнөткөн.

Буга чейин Орусияда да Түркмөнстандан келген помидорлордон вирус табылган. Буга байланыштуу орус бийлиги ондогон тонна томаттарды жок кылган.

XS
SM
MD
LG