Ссылки доступа

Өзбекстанда жибек пилласы боюнча план аткара албаган фермерлер акча төлөшүүдө


Өзбекстанда жибек өндүргөн фермерлер пландын аткарылышы үчүн килограммына 20дан 25 миң сумга ($2-$2,4) чейин акча төгүшүүдө.

"Узбекипаксаноат" ишканасынын өкүлү жибек пилласынын ордуна акча чогултулуп жатканын мойнуна алды.

“Фермерлерге күч менен 1-2 куту жибек курту берилген. Эгер аларда тыт жок болсо, кантип азыктандырышат. Фермерлер жибек курттарын сууга ыргытып жиберишкен. Дээрлик эч ким жибек өстүргөн жок. Эми баары планды толтуруу үчүн акча чогултушууда. 90 соток жер үчүн фермер 450 000 сум ($42) төлөп жатат ”, - деди сурхандарыялык фермерлердин бири.

Бул арада Наманган облусунун Пап районунун администрациясынын сайтында бул жылы жогорку сапаттагы жибек пилласы чогултулганы жазылган.

2017-жылы өзбек президенти Шавкат Мирзиёев жибек өндүрүшүн өнүктүрүү үчүн "Узбекпаксаноат" ассоциациясын түзүү жөнүндө токтом кабыл алган.

Бул документке ылайык, 2021-жылы жибек өндүрүүнү 50% көбөйтүү пландалган.

Өзбекстанда 2023-жылга чейин үй шартында жибек өндүргөн фермерлер кошумча нарк салыгынан бошотулган.

Расмий маалыматтар боюнча Өзбекстан жибек өндүрүүдө Кытай жана Индиядан кийин эле үчүнчү орунда турат.

XS
SM
MD
LG