Ссылки доступа

"КазАвтоЖол": 2021-жылы беш унаа жолу акылуу болот


9-июнда “КазАвтоЖол” ишканасы быйыл биринчи категориядагы беш автожол акылуу болорун кабарлады.

Булар: Батыш Европа-Батыш Кытай, (Кайнар – Тараз, Тараз – Чымкент, Чымкент – Кызылорда, Чымкент – Ташкент), Щучинск – Кокшетау, Капшагай – Талдыкорган, Нур-Султан – Павлодар, Актау – Жетибай – Жаңыөзөн. Азырынча бул жол тилкелеринин жалпы узундугу канча экени айтыла элек.

Компания маалымдагандай, аталган аймактарда жүрө турган автоунаалар 2013-жылы киргизилген тариф боюнча акы төлөйт.

  • Аталган аймактарда жүрө турган жеңил автоунаалар 1 чакырым үчүн – 1 теңге төлөйт;
  • Автобустар орун санына жараша 1 чакырым үчүн –5-15 теңге аралыгында төлөйт;
  • Жүк ташуучу автоунаалар салмагына жараша 1 чакырым үчүн 5-25 теңге төлөйт.

Ушул тапта тарифти жогорулатуу маселеси күн тартибинде жок.

Буга чейин Казакстанда оор жүк ташуучу автоунаалардын айдоочулары трассалардын акылуу болушуна каршы нааразылык акцияларын өткөрүшкөн. Алар жолдордун сапаты начар, күйүүчү май кымбат болуп жатканын билдиришкен. Казакстанда быйыл жыл соңуна чейин жалпы узундугу 5,8 миң чакырым 18 автожол акылуу болору айтылган.

XS
SM
MD
LG