Ссылки доступа

Өзбекстанда электр энергиясынын өчүрүлүшүнө нааразы жашоочулар темир жолду тосушту


Кашкадарыя облусуна караштуу Чиракчин районунун Айратом айылынын жашоочулары 7-июнда темир жолду тосушту.

Жергиликтүү басылмалардын бири билдиргендей, чогулган жашоочулар район башчысы Хуррам Жураевден калкты электр энергиясы менен камсыздоо жана кубаттуу “трансформаторго” кошууну талап кылышты.

Нааразы тургундар темир жолдун боюна дүйшөмбү күнү 9:00дө келишкен. 10:48де бул станциядан Ташкент-Карши багыты аркылуу тез жүрүүчү поезд өтмөк. Поезд келерге 28 мүнөт калганда Чиракчин районунун башчысы келип, аларды темир жолдон Айратом айылына алып кетти.

Поезд станциядан белгиленген мүнөттө өтүп, эч ким жабыркаган жок.

Буга чейин жашоочулар электр энергиясы менен газдын өчүрүлүшүнө каршы жыл башынан бери бир нече жолу жол тосушканы айтылган. Быйыл апрелде Самарканд облусунун Пахтачин районунда ушундай эле нааразылык болгон. Кийинчерээк беш киши ички иштер бөлүмүнө жеткирилген.

Видео

Видео

Сабизден жасалган чоор
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:07:23 0:00
XS
SM
MD
LG