9-майда парламентте бул келишим тууралуу маалымат берген Тажикстандын каржы министри Файзиддин Каххорзода бийлик долбоордун аткарылышынын ачыктыгын камсыз кыларын белгиледи. Анын айтымында, Дүйнөлүк банк менен түзүлгөн келишимдин алкагында Тажикстандагы аз камсыз болгон 165 миң үй-бүлөгө 500 сомониден (50 долларга жакын) бир жолку жардам берилет.
Былтыр май айында Дүйнөлүк банк менен Тажикстандын өкмөтү COVID-19 пандемиясынын кесепеттерине тез реакция кылуу боюнча долбоорду кошумча каржылоо тууралуу макулдашууга кол коюшкан. Анда банк Тажикстанга кайтарымсыз негизде жалпысынан 21,3 миллион доллар бөлүп бере турганы кабарланган. Өткөн жылы бул долбоордун алкагында Тажикстандагы аз камсыз болгон, үч жашка чейинки балдары бар 50 миң үй-бүлөгө 500 сомониден бир жолку ссоциалдык жардам берилген.
Тажик бийлигинин маалыматына караганда, өлкөдөгү жарандардын 30% жакыр жашайт. Пандемия маалында мындай үй-бүлөлөрдүн саны кыйла көбөйгөн.