Ссылки доступа

Орусияда "Радио Свободанын" журналисти кол салууга кабылды


Андрей Афанасьев

Орусиянын Благовещенск шаарында белгисиз адамдар «Радио Свободанын» Сибирь.Реалии долбоору менен кызматташып жүргөн журналист Андрей Афанасьевге кол салышты.

Журналисттин айтымында, ал кол салууга кечинде үйүнө кирип бара жатканда кабылган. «Алгач башыма катуу урушту. Андан соң жерге жыгылгандан кийин 10 мүнөттөй сабашты. Алар атайылап бетиме уруп жатышты», — деди ал.

Афанасьев кол салууну өзүнүн профессионалдык ишмердүүлүгү менен байланыштырууда. Ал буга чейин ишкерлик менен алектенген жергиликтүү депутаттардын бири тууралуу иликтөө даярдап, маалымат алуу үчүн мэрияга жана полицияга кайрылуу жолдогон.

"Сабап жатканда алар "Татыктуу кишилер жөнүндө азыраак жаз" деп айтышты. Кеп жергиликтүү кеңештин депутаты Андрей Домашенкин жөнүндө болгон болушу мүмкүн. Көчөдө ары-бери өткөн кишилер пайда болгондон кийин алар качып кетишти", - деди Афанасьев.

Журналист бул кол салуу боюнча полицияга арыз жазды. Аны рентгенге тарткан облустук ооруканын дарыгерлери Афанасьевдин мурду сынганын билдиришти.

Андрей Афанасьев көз карандысыз журналист. Аймактагы элдин жашоосу, коррупция жана жергиликтүү бийлик менен полициянын аракетсиздиги тууралуу ондогон материалдардын автору. Быйыл январда ал оппозициянын нааразылык акцияларын чагылдырганы үчүн кармалган. Акыркы убактарда Афанасьев "Ахмат" спорт клубунун ишмердүүлүгү боюнча иликтөөнүн үстүнөн иштеп жаткан. Журналисттин айтымында, клубдун негиздөөчүсү депутат Домашенкин болуп эсептелет.

Видео

Видео

Жайлоодогу көчмө мончо
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:04:30 0:00
XS
SM
MD
LG