Жарлыкка ылайык, план БУУнун органдары менен өз ара аракеттенишүү механизмдерин жакшыртуу, адам соодалоонун курмандыктарынын укуктарын камсыздоо, майыптыгы бар кишилерди коргоо, аялдарды кемсинтүүнү жоюу чараларын камтууга тийиш. Мындан башка биригүү эркиндиги, пикир билдирүү укугу, өмүр сүрүү укугу жана коомдук тартип, өкмөттүк эмес уюмдар менен өз ара ишмердүүлүктү арттыруу, түрмөлөрдө кыйноо жана катаал мамиле жасоонун алдын алуу камсыздалышы керек
Казак президенти өкмөттү жыл сайын 25-январга карата ушул пландардын аткарылышы боюнча отчет берүүгө милдеттендирди. Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирди.
Human Rights Watch эл аралык уюму акыркы баяндамасында 2020-жылы Казакстанда бийликти сындаган кишилер куугунтукка кабылып, сөз эркиндиги басмырланып калганын, Токаевдин саясий реформа жүргүзүү убадасы адам укуктарынын абалын жакшыртууда натыйжалуу жыйынтык бербегенин белгилеген.