Ссылки доступа

Нур-Султанда "Абу-Даби Плаза" курулушчулары айлык акы талап кылышууда


10-июнда Нур-Султанда “Абу-Даби Плаза” комплексин салып жаткан жүздөй курулушчу айлык маяна кечиктирилип жатканына нааразылык билдирди.

“Абу-Даби Плаза” комплексине ээлик кылган Arabtec Consolidated Contractors Limited (ACCL) компаниясынын кеңсесинин алдына жыйналган кишилердин айтымында, май-апрель айларынын айлыгын ала элек жумушчулардын саны 500гө жакындады. Алар “Казахстан строй техно” жана "Казинжиниринг" компаниясынын курулушчулары экенин түшүндүрүштү.

“Айылдагы бала-бакырама акча жөнөтүшүм керек. Ижара акысын төлөө үчүн насыя алдык. Анын үстөк акысы да бар. Азыр эле 1,5 айдын акысын төлөйбүз деди. Биз ага макул эмеспиз. Ал эч нерсеге жетпейт. Эки айдын маянасын толук төлөшсүн”, - деди курулушчулардын бири Турсынбек Халыков.

"Казахстан строй техно" компаниясынын аткаруучу директору Азамат Нуртаевдин айтымында, тапшырык берген компания курулуш компаниясына акча которо элек. Ошол себептен айлык акы кечиктирилүүдө. Arabtec компаниясынын өкүлү коронавирус пандемиясына байланыштуу чектөөлөрдөн улам эл аралык долбоор боюнча акча которуу кыйын болуп жатканын айтып, айлык акы 10-июнь кечке чейин берилерин убада кылды.

“Абу-Даби Плаза” комплексинин курулушу 2010-жылы башталган. Ал жерде бир нече жолу өрт болгон, комплексти пайдаланууга берүү мөөнөтү улам жылдырылып келет. Акыркы жылдары курулушчулар айлык акы убагында берилбей жатканын кабарлашып, нече ирет нааразылык өткөрүшкөн.

XS
SM
MD
LG