Ссылки доступа

Макронду жаакка чапкан француз 4 ай түрмөдө отурат


8-июнда Франция президенти Эммануэль Макронду жаака чапкан француз жараны Дамиан Тарел 18 айга эркинен ажыратылды. Темир тор артында ал 4 ай гана отурат, калган 14 айлык жаза мөөнөтүн шарттуу түрдө өтөйт.

Француз президенти Эммануэл Макрон 8-июнда өлкө түштүгүндө эл менен жолугушууда кол салууга кабылган. Социалдык тармактарга жарыяланган видеодо Макрон эл менен саламдашып жатканда, арасынан бир адам президентти бетке чаап, "Макрония жоголсун!" деп кыйкырганын көрүүгө болот. Ал сотто жасаган ишине өкүнбөй турганын билдирди. Соттолуучунун пикиринде, Макрон өлкөнү төмөн түшүрүүдө. Дамиан Тарел өкмөткө каршы иш алып барган “сары жилеттерди” колдой турганын да айтты.

Бул арада Макрон бул окуяга анча маани бербегенин, шайлоочулар менен жолугушууну уланта берерин билдирди. Мурдараак ал "демократияда жек көрүүчүлүк менен зомбулукка орун жок экенин" айткан.

XS
SM
MD
LG