8-июнда Өзбекстандын Жогорку кассациялык соту Жасур Умировдун жазасын жеңилдетип, шарттуу түрдө эркинен ажыраткан.
Бул чечимди кабыл алууга жабырлануучу менен анын мыйзамдуу өкүлү ырчыга эч кандай дооматы жок экенин билдиргенден кийин кабыл алынган.
Ырчы быйыл 2-февралда зордуктоо боюнча күнөөлүү деп табылып, беш жылга эркинен ажыратылган. Кийинчерээк жабырлануучу Шахзода Муминова баштапкы көрсөтмөсүн өзгөртүп, соттон Умировду актоону талап кылган.
Муминова ырчы ага үйлөнүүгө убада бергенин, окуя өз ара макулдашуунун негизинде болгонун айткан.