Ссылки доступа

АКШ Мамдепартаменти: Түркия орусиялык зениттик-ракеталык комплекстерден баш тартышы керек


АКШнын Мамлекеттик департаменти орусиялык зениттик-ракеталык комплекстерге ээлик кылуу — НАТОнун мүчөсү болгон Түркияга ылайыксыз деп эсептейт. Бул тууралуу мамдепартаменттин атайын өкүлү Нед Прайс билдирди.

“Америка Үнү” маалымдагандай, журналисттер Прайстан Түркия орусиялык С-400 комплекстерин НАТОнун Инжирликтеги базасына жайгаштырууну сунуштаганбы жана Ак үй мындай демилгеге кандай жооп кайтарган деп сурашкан.

Прайс: “Орусиялык С-400 системалары НАТО колдонгон жабдуулар менен дал келбейт. Алар НАТОнун технологияларынын коопсуздугуна коркунуч жаратат. Алар Түркиянын НАТОго кошулуп жатып алган милдеттенмелери менен дал келбейт”, деп жооп кайтарган.

Америкалык аткаминердин билдиришинче, Анкара бул системаларды сатып алгандан кийин АКШ Түркияга санкция киргизген.

Прайс АКШ мурдагыдай эле Анкараны орусиялык системаларды колдонуудан баш тартууга чакырып жатканын белгиледи.

“Президент Байдендин жакын арада НАТОнун саммитинде түрк кесиптешин кулуарда көрүүгө мүмкүнчүлүгү болот. Алдын ала бир нерсе дегим келбейт, бирок Түркия НАТОдогу өнөктөшбүз катары С-400 системаларын колдонушу туура эмес деп эсептейбиз”, - деп кошумчалады Нед Прайс.

XS
SM
MD
LG