Ссылки доступа

Өзбекстанда эки жылдын ичинде акимдер 120 миң гектар жер тилкесин мыйзамсыз беришкен


Өзбекстанда акыркы эки жылдын ичинде акимдер 120 миңден ашык гектар жер тилкесин менчиктеп алышкан же башкаларга мыйзамсыз беришкен. Бул тууралуу өлкөнүн башкы прокуратурасынын орун басары Шавкатжон Рахимов 10-июндагы маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, эки жылдын ичинде прокуратура акимдердин жерге байланышкан 7 500дөн ашык чечими боюнча доо арыз берген.

"Административдик соттор район акимдеринин жерге байланышкан 2500дөн ашык чечимин жокко чыгарышты. Жер мыйзамдары боюнча 588 кишиге кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүүдө», — деди Рахимов.

8-июнда өлкө президенти Шавкат Мирзиёев Жер сатуу жана жер бөлүү системасын системасын реформалоо тууралуу жарлыкка кол койгон.

Айрым талдоочулар бул жарлыкты «талаштуу» деп атап, ал жер саткан аткаминерлердин ишин мындан да жеңилдетиши мүмкүн экенин белгилешкен.

Видео

Видео

"Шам-Бала": Керексизовдун соңку керээзи
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:10:41 0:00
XS
SM
MD
LG