Ссылки доступа

Өзбекстанда "атайылап" ВИЧти башка адамга жуктурган аял кармалды


Өзбекстандын Бухара облусуна караштуу Вобкент районунда 34 жаштагы аял ВИЧ инфекциясы бар экенин билип туруп, корголбогон жыныстык катнаш аркылуу аны башка адамга жуктурган. Бул тууралуу "Азаттык" радиосунун өзбек кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, полиция бул факты боюнча кылмыш ишин козгоду. Буга чейин тийиштүү мекемелер ВИЧти башкаларга жугузса, кылмыш жообуна тартыларын аялга бир нече жолу эскертишкен.

Андан ВИЧ инфекциясы 2019-жылы аныкталып, облустук СПИД борборуна каттоого алынган.

XS
SM
MD
LG