Ссылки доступа

Тажикстандагы жеке лабораторияларда күн сайын COVID-19 жуктурган ондогон жаңы учурлар катталууда


Расмий түрдө быйыл январь айынан бери коронавирус жуктурган бир да учур катталбаганы айтылып жаткан Тажикстанда дарыгерлер, жеке лаборатория кызматкерлери, ЖМКлар жана бейтаптардын жакындары COVID-19 кайра жайыла баштаганын билдиришүүдө.

Душанбедеги №13 бейтапкананын башкы дарыгери Хомид Хомидзода алардын мекемеси тейлеген аймакта 10 кишиден коронавирус аныкталганын билдирди. Анын айтымында, бейтаптардын айрымдары үйлөрүндө дарыланса, башкалары ооруканага жаткырылган.

«Азия-Плюс» агенттиги «Диамед» жеке лабораториясындагы өз булактарына таянып, Душанбе шаарында эле коронавирус жуктурган 100гө жакын жаңы учур катталганын кабарлады. Басылманын маалыматына караганда, баш калаадагы башка лабораториялар да жарандардын COVID-19га тапшырган тесттеринен вирус аныкталып жатканын ырасташкан.

Тажикстандын Саламаттык сактоо министрлиги бул билдирүүлөрдү четке кагып, өлкөдө коронавирус жуктурган учурлар катталбаганын маалымдады.

Өз кезегинде Душанбенин айрым тургундары үй-бүлөсүндө вирус жуктуруп алгандар болгонун, бирок алар тууралуу расмий маалымат берилбегенин билдиришүүдө.

«Менин атама да, апама да коронавирус жуккан, аны тапшырган тесттери ырастаган. Бирок оорукананын өзүнүн тести вирус жок экенин көрсөткөнүн айтып, жеке лабораториянын жыйынтыктарын кабыл алуудан баш тартышты», — деди шаар тургундарынын бири.

Өткөн айда Тажикстанда жарандардын алгачкы тестинен коронавирус аныкталып, бирок саламаттык сактоо органдары кийлигишкенден кийинки тесттерде вирус жок болуп чыккан бир нече учур катталган.

2020-жылдын март айынан бери Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Тажикстанга жардам катары жалпы баасы 6 миллион долларлык 87 тоннадан ашык түрдүү медициналык, техникалык, диагностикалык жана лабораториялык каражаттарды берген.

XS
SM
MD
LG