Ссылки доступа

Балдар үйүндөгү өлүмдү мекеме аралык комиссия иликтемей болду


Военно-Антоновка айылындагы Балдар үйүндөгү өспүрүмдүн өлүмүн мекеме аралык комиссия иликтеп жатат. Бул тууралуу 13-июнда президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, комиссиянын курамына президенттик администрациядан, Жогорку Кеңештен, Ички иштер министрлигинен, Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен, Билим берүү жана илим министрлигинен, жарандык сектордон өкүлдөр кирди. Ишти балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Жыпариса Рысбекова көзөмөлдөп жатат.

Сокулук райондук ички иштер башкармалыгы 6-класстын окуучусу Игорь Якуниндин өлүмүн быйыл 1-июнда каттаган. Баланы Кошмо Штаттардагы үй-бүлө асырап алган. Алар жалдаган адвокат өлүмдү иликтөөдөгү мүчүлүштүктөр тууралуу райондук прокуратурага арызданды. Үй-бүлөнүн айтымында, баланын саламаттыгында маселе болгон эмес.

13-июнда өлкөнүн акыйкатчысы Токон Мамытов 12 жаштагы баланын өлүмү боюнча иш тергелип бүткөнчө директор кызматынан убактылуу четтетилип, окуянын чоо-жайын териштирүү үчүн өкмөттүк комиссия түзүлүшү керек деп эсептерин билдирди.

12-июнда “Балдардын укугун коргоочулар лигасы” уюму өспүрүм киши колдуу болгонун, директор жоопко тартылбай жатканын белгилеп, айыптуулардын баарын жазалоого чакырды.

Чүйдүн Военно-Антоновка айылындагы Балдар үйүндө жетим жана кароосуз калган балдар тарбияланат.

Мекеменин жетекчилиги укук коргоочулардын талаптары боюнча азырынча комментарий бере элек.

XS
SM
MD
LG