Ссылки доступа

Израилде коалициялык өкмөт түзүлдү. Биньямин Нетаньяхунун 12 жылдык башкаруусу аяктады.


Биньямин Нетаньяху, 13-июнь, 2021-жыл.

Жаңы өкмөттү өлкөнүн мурдагы коргоо министри, оңчул саясатчы Нафтали Беннет жетектейт.

Коалициялык өкмөттүн курамына Яир Лапид жетектеген центристтик партия кирди. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар алгачкы эки жылда Беннет премьер-министр болуп, кийинки шайлоого чейинки эки жылда өкмөттү Лапид жетектейт деген макулдашууга келишти.

Добуш берүүнүн алдында Беннет парламентте сүйлөп, Израилдин лидери катары узак убакыт кызмат кылганы үчүн Нетаньяхуга ыраазычылык билдирди.

«Ликуд» жана башка Нетаньяхуну жактаган партиялардын өкүлдөрүнүн кыйкырыктары Беннеттин сөзүн бир нече жолу үзгүлтүккө учуратышты. Мындан улам «добуш берүүнү үзгүлтүккө учуратуу аракети үчүн» деген жүйө менен ашкере оңчул эки диний партиянын өкүлдөрүн залдан чыгарууга туура келди.

Видео

Видео

«Өлүп, бирок жашай берчү өмүр бар»
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:05:09 0:00
XS
SM
MD
LG