Ссылки доступа

Мирзиёевдин күйөө баласы 6 миң долларга иш үстөлүнө кеңсе аксессуарларын сатып алган


Шавкат Мирзиёевдин күйөө балдары – Отабек Умаров (биринчи оңдо) жана Ойбек Турсунов (экинчи оңдо)

“Озодлик” радиосуна Шавкат Мирзиёевдин кенже күйөө баласы Ойбек Турсунов салык төлөөчүлөрдүн акчасына жеке иш үстөлү үчүн Montblanc үлгүсүндөгү кеңсе товарларын 51 миллион сумга (6221.6 долларга) сатып алганы тууралуу расмий документ келип түштү.

Документке ылайык, сатуу-алуу келишими 2018-жылы 15-октябрда ишке ашкан. Буйуртманы мамлекеттин атынан Ойбек Турсунов берген. Президенттик администрациянын аткаминери кеңсе товарларын Montblanc компаниясынын өзүнөн же расмий дилеринен эмес, Ким Н.С аттуу жеке ишкерден сатып алган.

Кымбат баалуу кеңсе товарларына жазуу үчүн бычак, кагаздар үчүн текче, блоттер пресс-папье, калем сап үчүн куту, калем саптар жана сүрөт үчүн алкак кирген.

Мамлекеттик чиновниктин үстөлүнүн бурчунда кооздук үчүн тура турган кеңсе буюмдарынын топтомуна өзбек салык төлөөчүлөрү дээрик алты миңден ашык доллар төлөшкөн.

Шавкат Мирзиёевдин эки күйөө баласы тең кайнатасы президент болгондон кийин жогорку мамлекеттик кызматтарга дайындалган.

Ойбек Турсунов 2017-жылы Президенттик администрациянын иш башкармалыгынын мамлекеттик резиденциялар дирекциясынын башкы директору болуп дайындалган.

Мирзиёевдин экинчи күйөө баласы Отабек Умаров – президенттин коопсуздук кызматынын жетекчиси.

Видео

Видео

«Өлүп, бирок жашай берчү өмүр бар»
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:05:09 0:00
XS
SM
MD
LG