Ссылки доступа

Тажикстанда 18 "салафиттин" соту өтүүдө


Согди облусунун Бобожон Гафуров райондук сотунда өлкөдө тыюу салынган «Салафия» кыймылына тиешеси бар деген шек менен кармалган 18 кишинин үстүнөн сот башталды.

Отурум Хожент шаарындагы тергөө абагында жабык өтүүдө. Ага соттолуучулардын жакындары жана журналисттер катышкан жок.

Быйыл февралда аталган райондун Хистеварз айылынын 18 тургуну кылмыштуу топко тиешеси бар деген шек менен кармалганы кабарланган.

10-июнда алардын Душанбеге келген ата-энелери тагылган айыптоолор негизсиз экенин билдиришкен. Алардын айрымдары Кыйноолорго каршы коалициянын мүчөсү, юрист Ойнихол Бобоназаровага кайрылып, милиция балдарына катаал мамиле кылганына даттанышкан.

«Мага соттолуучулардын туугандары кайрылышты. Өлкө жетекчилигине жолдонгон даттанууда балдары Салафия кыймылына тиешеси бар деп шектелип жатканы, алар бул эмне кыймыл экенин да билбей тургандыктарын жазышкан. Сотто айыпталуучулардын бири күнөөнү мойнуна алган көрсөтмөсүн кыйноонун алдында бергенин айтты», - деди Ойнихол Бобоназарова.

«Озоди» радиосу өз булактарына таянып, сотто бардык айыпталуучулар күнөөлөрүн мойундарына албаганын кабарлады. Тажикстандын бийлиги 2005-жылы «Салафия» кыймылы өлкөнүн улуттук коопсуздугуна коркунуч келтирерин билдирген. Төрт жылдан кийин Жогорку сот бул кыймылды мыйзамсыз деп тапкан.

Видео

Видео

Сабизден жасалган чоор
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:07:23 0:00
XS
SM
MD
LG