Ссылки доступа

Казакстанда прокурор жарандык активисттин эркиндигин эки жылга чектөөнү сурады


14-июнда Чымкенттеги Каратау райондук сотунда прокурор “тыюу салынган уюмдун ишине аралашты” жана “полицияны кордоду” деген айып менен жарандык активист Нуржан Мухаммедовдун эркиндигин эки жылга чектеп, үч жылга коомдук-саясий иш менен алектенишине тыюу салууну сурады.

Мухаммедов быйыл январда кармалып, тергөө абагына камалган. Активист кишилерди Казакстанда тыюу салынган “Казакстандын демократиялык тандоосу” жана “Көчө партиясына” үгүттөөгө, полиция кызматкерлерине “тил тийгизүүгө” айыпталган.

Сот отурумунда прокурор активисттин күнөөсү күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү жана соттук- медициналык экспертизанын жыйынтыгы менен толук далилденгенин белгиледи.

Мухаммедов “тыюу салынган уюмдун ишине аралашканын” жокко чыгарып, полицияга акарат келтиргенин жарым-жартылай мойнуна алды.

Мухаммедов буга чейин тагылган айыптарга макул болбой, эки жолу ачкачылык жарыялаган. Эки жолу тең прокурор менен жолуккандан кийин ачкачылыгын токтоткон.

46 жаштагы активист соңку жылдары саясий туткундарга боштондук талап кылган жыйындарга катышып, жерлердин сатылышына каршы чыгып, бир нече жолу административдик жазага тартылган.

Казакстандык укук коргоочулар Мухаммедовду “саясий туткун” деп таанышкан.

2019-жылы белгисиз кишилер Мухаммедовдун автоунаасынын терезесин талкалап, салонго иттин башын таштап кетишкен. Ал полицияга арызданган, бирок бул иш боюнча жылыш болгон жок.

Видео

Видео

Олимпиада: Кыргызстан бир күндө эки медал алды
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:03 0:00
XS
SM
MD
LG