Ссылки доступа

Окуучуну куткаруу учурунда дарыяга чөгүп кеткен эки жоокердин сөөгү сегиз айдан кийин табылды


Кандилжон Вохидов (солдо) жана Сироджиддин Ятимов

Былтыр сентябрда Тоолуу Бадахшан облусуна караштуу Рушан районунда окуучуну куткаруу учурунда сууга чөгүп кеткен жоокерлер Сирожиддин Ятимов менен Кандилжон Вохидовдун сөөгү быйыл июндун башында табылды.

Маркумдардын туугандарынын айтымында, сөөктөр сууда көп жатып калгандыктан ажырап кеткен. Генетикалык экспертиза жүргүзүлүп, жоокерлердин тек жайы аныкталгандан кийин алар жерге берилди.

Расмий маалыматка караганда, Рушан районундагы аскер бөлүгүндө кызмат өтөгөн Сирожиддин Ятимов менен Кандилжон Вохидов былтыр 30-сентябрда 10-класстын окуучун куткаруу учурунда дарыяга чөгүп кетишкен. Окуучу өз жанын кыюу максатында Бартанг дарыясына боюн таштаган. Анын өмүрүн сактап калууга мүмкүн болгон эмес.

Бартанг Тажикстан менен Ооганстандын ортосундагы Паянж дарыясынына келип кошулат. Жоокерлердин сөөктөрү дарыяда суу тартылган кезде табылган.

Видео

Видео

Селден жабыркагандар чатырларда күн кечирүүдө
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:04:51 0:00
XS
SM
MD
LG