Ссылки доступа

Өзбекстанда жарым жылаңач бийчи кыздарга акча кыстарган акимдин орун басары иштен кетти


Өзбекстанда Сырдарыя районунун акиминин орун басары Нурали Мирзаев 14-июнда өз каалоосу менен кызматтан кетти. Бул тууралуу "Сырдарья хабарлари" басылмасы акимчиликтин басма сөз кызматына шилтеме кылып кабарлады.

Мындан тышкары ошол эле күнү райондук администрациянын жайлуулук башкармалыгынын башчысы Нозим Муротов да кызматтан кетүү тууралуу арыз жазган.

Буга чейин соцтармактарга Сырдарыя райондук акимчилигинин аткаминерлери ресторанда жарым жылаңач бийчи кыздарга акча кыстарып жатканы тартылган видео жарыяланган. Анда акимдин орун басарын, райондук жайлуулук башкармалыгынын башчысын, Экология жана айлана-чөйрөнү коргоо инспекциясынын башкы адисин көрүүгө болот.

Күн мурун Сырдарыя облустук администрациясы бул видео боюнча түшүндүрмө берип, окуя былтыр октябрда "Евро Азия" ресторанында болгонун билдирген.

Облустук акимчиликтин билдирүүсүндө кызмат адамдарына карата тиешелүү жаза чаралары көрүлгөнү жазылган. Ошол эле маалда анда кайсы аткаминер кандай жаза алганы айтылган эмес.

Видео

Видео

Сабизден жасалган чоор
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:07:23 0:00
XS
SM
MD
LG