Ссылки доступа

ТИМ: Новосибирскте жарылуудан үч кыргызстандык жабыркады (видео)


Орусияда автогаз куюучу бекеттеги жарылуудан кеминде үч кыргызстандык күйүк алып жабыркады. Бул тууралуу 15-июнда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, окуя Новосибирск шаарында дүйшөмбү 14-июнда болгон. Денесинин 20% күйгөн 53 жаштагы эркектин абалы азыр туруктуу, өмүрүнө коркунуч жок. 5% күйүк алган 20 жаштагы кыргыз жараны медициналык жардам алгандан кийин үйүнө кое берилген. Жабыркаган үчүнчү адамдын денесинин 7% күйгөн, ал азыр ооруканада.

Жарылуудан жана өрттөн бекеттин жанындагы кафе күйүп кетти. Аны кыргызстандык келин ижарага алып иштетип жүргөн. Ошол эле жерде дөңгөлөк алмаштыруучу жайда кыргыз жараны иштеп жаткан. Ал жана кафени иштеткен келин качып чыгууга үлгүрүшкөн.

Новосибирск мэриясынын маалыматына караганда, коопсуздук эрежелери сакталбагандыктан чыккан кырсыктан жалпысынан 35 адам жабыркады. Өрт 1200 чарчы метр жерге жайылып, бекеттин жанында турган бир нече автомашина да күйүп кетти. Кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүүдө.

Орусияда, бейрасмий маалыматтарга караганда, миллионго чукул кыргызстандык эмгек мигранты болуп журөт. Алардын көбү тейлөө тармагында иштешет.

XS
SM
MD
LG