Ссылки доступа

Блогер Сатторинин иши боюнча апелляциялык арыз Самарканд облустук сотунда каралат


Өзбекстанда "Опузалап акча талап кылуу" жана "Жалаа жабуу" беренелери менен 6,5 жылга соттолгон блогер Отабек Сатторинин иши боюнча апелляциялык арыз Самарканд облустук сотунда каралат. Бул тууралуу адвокат Умидбек Давлетов билдирди.

– Жума күнү мага апелляциялык арыз кылмыш иштери боюнча Самарканд облустук сотунда караларын билдиришти. Азырынча отурумдар качан башталары белгисиз, – деди адвокат.

Саттори камакка алынгандан бери анын жакындары менен адвокаты иштин башка облустагы сотто каралышын талап кылып келишкен.

Быйыл 10-майда Сурхандарыя облусундагы Музрабад райондук соту Отабек Сатторини 6,5 жылга абакка кескен. Ал "Опузалап акча талап кылуу" жана "Жалаа жабуу" беренелери боюнча күнөөлүү деп табылган. 40 жаштагы Саттори акыркы сөзүндө күнөөсүз экенин айтып, өзүн сот залынан бошотууну суранган.

Анда блогердин адвокаты өкүм адилетсиз экенин, жогорку инстанцияга доо арыз менен кайрыларын айткан.

Telegram жана YouTube каналдары аркылуу "Эл пикири" деген видеоблог алып барган Саттори жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн сындап жүргөнү менен белгилүү. Ал 30-январда Термез шаарында опузалап акча талап кылууга шек саналып кармалган. Марттын башында блогерге "Жалаа жабуу" жана "Кемсинтүү" беренелери боюнча жаңы айыптар тагылганы кабарланган.

Буга чейин бир катар эл аралык уюмдар Отабек Сатторини эркиндикке чыгарууга чакырышкан. Алар блогерге каршы кылмыш иштери коррупциялык көрүнүштөрдү жашыруу максатында ойдон чыгарылган деп эсептешүүдө.

Видео

Видео

«Өлүп, бирок жашай берчү өмүр бар»
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:05:09 0:00
XS
SM
MD
LG