Ссылки доступа

Тажикстанда банкротко кептелген эки банкты жоюу иштери башталды


"Точиксодиротбанктын" Душанбедеги башкы кеңсеси

Тажикстанда банкротко кептелген «Точиксодиротбанк» менен «Агроинвестбанк» банктарын жоюу процесси башталды. Бул тууралуу 15-июнда өлкөнүн Улуттук банкы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, Душанбенин экономикалык соту апта башында аталган эки банкты жоюу процессин баштоо тууралуу чечим кабыл алып, атайын администраторлорду дайындады. Алар "Насыя берүүчү мекемелерди жоюу тууралуу" мыйзамдын алкагында аманатчылар менен насыячылардын талаптарын аткаруу менен алектенишет.

Сот чечимине ылайык, "Агроинвестбанк" менен "Точиксодиротбанкты" жоюу процесси эки жылдан ашык убакытка созулбашы керек. Бирок зарылчылык жаралса, сот атайын администраторлордун өтүнүчү менен бул мөөнөттү дагы эки жылга узартса болот.

Улуттук банктын маалыматына караганда, "Агроинвестбанктын" аманатчыларынын жалпы саны 27,7 миң, "Точиксодиротбанктыкы" - 5,5 миң кишини түзөт. Бүгүнкү күнгө карата Жеке тараптардын топтогон акчасын камсыздандыруу фонду "Агроинвестбанк" аманатчыларынын 86%, "Точиксодиротбанктын" 64% аманатчыларынын каражаттарын толук кайтарып берди. Калгандарынын карызы аталган фонддун жана жоюлуп жаткан банктардын мүлктөрүн сатуудан түшкөн каражаттын эсебинен жабылат.

Кезинде өлкөнүн ири насыя берүүчүлөрү эсептелген бул каржы мекемелеринин лицензиясын Улуттук банк быйыл 21-майда чакыртып алган. Эки банк тең 2015-жылдан бери каатчылыкты башынан кечирип, кардарларынын аманаттарын кайтарып бере албай келишет. 2016-жылдын аягында бийлик бул банктарга 3,3 миллиард сомони өлчөмүндө каржылык жардам көрсөткөн, бирок бул аларды каатчылыктан чыгара алган эмес.

Видео

Видео

Олимпиада: Кыргызстан бир күндө эки медал алды
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:03 0:00
XS
SM
MD
LG